Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2018

ЭВФ Украинага 3,9 миллиард доллар насыя бөлдү

0
Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) бул чечими президент Петро Порошенко үчүн келерки жылдагы президенттик шайлоо алдындагы чакан жеңиш деп эсептелүүдө. 


ЭВФ 18-декабрда жарыялагандай, бул насыянын 1,4 миллиард доллар өлчөмүндөгү биринчи бөлүгү 25-декабрда, калганы кийинки жылдын май, ноябрь айларында берилет.


18-декабрда Дүйнөлүк банк да Украинанын өкмөтү эл аралык каржы базарынан бир миллиард доллар насыя ала алышы үчүн 750 миллион доллардык насыя кепилдигин бере турганын жарыялады. 


ЭВФ насыясы украин өкмөтүнө мурда алган карыздарын төлөө үчүн келерки жылы дүйнөлүк каржы базардан жаңы насыя алышына мүмкүндүк берет. Бул ошондой эле украин өкмөтүнө Евробиримдик жана башка донорлор жардам көргөзүшүнө да жол ачат.


Украинанын кезектеги президенттик шайлоосу 2019-жылдын 31-мартында өтүшү керек.


Коомдук пикирди сурамжылоонун азыркы көрсөткүчтөрүнө караганда, азыркы президент Петро Порошенко алдыңкы сапта эмес. Мунун негизги себептеринин бири катары Порошенконун коррупциянын тамырын кыркуу боюнча убадалары орундалбаганы аталууда. (UE)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Арина Соболенко назвала момент, когда была близка к завершению карьеры






«Дорогая моя столица». Ростов оказался в рейтинге самых дорогих городов мира

Прокуратура Севастополя решила поставить точку в эпопее по реставрации драмтеатра имени Луначарского

СМИ: Сбой движения поездов произошел на МЦД-2

Чаепитие по-демидовски: на федеральной выставке «Ладья. Зимняя сказка» представили уникальный сервиз