Турсунбеков: Президент Текебаев жана Бабанов боюнча туура сүйлөдү
- Мыйзамга, Конституцияга таянып иш кылсак, анда туура айтты. Анткени мыйзам боюнча күнөөлүүлөрдү сот аныктайт жана атайын кызматтар бар. Бир сөз менен айтканда, Конституциянын негизинде абдан туура айтылды. "Баары мыйзамдын чегинде болушу керек" деген пикирге кошулам.
Жээнбеков 19-декабрдагы басма сөз жыйынында Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албай турганын, бирок мыйзам боюнча мунапыс бере аларын билдирген.
Ал эми Бабановго карата козголгон кылмыш иштер боюнча суроого жооп берип жатып президент Кыргызстан укуктук мамлекет экенин белгилеп, ачылган кылмыш иштери жабыла берсе ал бандиттик өлкөгө айланарын, мыйзамдын чегинен эч ким чыкпашы керек экенин айткан.
Кыргызстан социал-демократиялык партия тууралуу жана Райымбек Матраимовго байланыштуу президенттин айткан сөздөрүнө Чыныбай Турсунбековдун пикирин төмөндө угуңуз: