Сасык тумоо күчөп баратат
Мекеменин маалыматына караганда, 10-16-декабрда сасык тумоо менен катталган адамдардын саны 9077 болду, бул ага чейинки аптага караганда 16% көп.
Санэпидкөзөмөл мекемесинин Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, ооруканаларда кошумча орундар ачылып жатат.
Оорунун көрсөткүчү былтыркыдан 1,6 эсе жогору болуп жатат. (RK)