Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2018

Казак өкмөтү Сириядан 91 баланы алып келди

0
Акыркы эки жыл аралыгында Сириядан Казакстанга 91 бала кайтарылганын 19-декабрда Астанадагы жыйында казак расмий өкүлдөрү билдиришти. 


Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин балдар укугун коргоо комитетинин төрага орун басары Ержан Ерсаиновдун айтымында, Сириядан кайтарылган 39 үй-бүлөнүн 91 баласы өлкөнүн тогуз аймагындагы реабилитациялык борборлордо жашап жатат. Алар менен атайын иш жүргүзүлүп жатат. 


Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети быйыл июль айында “Азаттык” радиосунун казак кызматына берген маалыматына караганда, Сирия менен Ирактагы эл аралык террористтик уюмдардын катарында Казакстандан 120дай эркек, 250дөн ашуун аял, 500дөй бала болгон.


Ага чейин быйыл мартта Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков Сириядан Казакстанга кайтарылган 125 адамдын 57си соттолгонун, калгандары байкоо алдында экенин билдирген. (UE)


 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса