Башкы прокуратура Оштогу айрым судьяларга кылмыш ишин козгоду
Башкы көзөмөл органдын 19-декабрдагы маалыматына ылайык, алардын иши Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") жана 328-берене ("Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу") менен иликтенип жатат.
Кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлдү.