Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2018

Банк уячалары тууралуу каттын жайылышы иликтенет

0
Каржылык чалгын кызматы коммерциялык банктарга жолдогон кат коомчулукка кандайча жарыяланып кетишин иликтөө өтүнүчү менен укук тартибин коргоо органдарына кайрылды.


Бул тууралуу 21-декабрда мекеменин жетекчиси Гуламжан Анарбаев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, кеп кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча "өтө маанилүү" деген белгиси бар кат тууралуу болуп жатат:


- Банктарга жөнөтүлгөн кат туура эмес чыгып кетти. Бул документ боюнча элге туура эмес маалымат берилип жатат, - деди Анарбаев.


Финансылык чалгын кызматы банктарга жиберген катты "Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткаруу талаптары менен байланыштырууда.


Буга чейин Интернетке Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.


Анда 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.


Банк тармагы боюнча экcперттер чалгын кызматынын талабы мыйзамсыз экенин айтышкан.


Ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркуловуячалар жана эсептер боюнча маалыматты алуу аракетин чыккынчылыкка теңеген. (BTo)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса