АКШнын коргоо министри кызматтан кетүүнү чечти
Ал ошондой эле АКШнын өз өнөктөштөрү менен жигердүү иш алып барышын, ошондой эле Орусия жана Кытай сыяктуу мамлекеттерге каршы турууну жактай турганын белгилеген.
"Сиз бул жана башка маселелер боюнча өзүңүздүн көз карашыңызга туурараак келген министр менен иштешүүгө толук укугуңуз бар экенин эске алуу менен кызматтан кеткеним туура болот деп эсептейм",-деп билдирген Мэттис.
Президент Трапм министрдин кызматттан баш тартканын "Твиттер" аркылуу ырастап, Пентагондун 2 жыл ичиндеги жетишкендиктери үчүн ага ыраазычылыгын билдирди. Мэттис кийинки жылдын 28-февралында кызматын тапшырып бере турган болду.
Бир күн мурда президент Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыгарыларын билдирген. Бул чечимге америкалык бир катар саясатчылар менен кошо АКШнын айрым эл аралык өнөктөштөрү да каршылыгын билдиришкен.
