Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2018

ИИМ: Күчтүү психотроптук каражат таратып жүргөн чет элдиктер кармалды

0
Кыргызстанга күчтүү психотроптук каражаттарды жашыруун алып келип, таратып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Мекеменин маалыматына караганда, жалпы салмагы 1 килограммга жеткен метамфетамин каражаты менен 22-49 жаштагы үч адам кармалды. Алардын бири Азербайжандын, экөө Ирандын жараны экени аныкталды.


Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.


Метамфетамин күчтүү баңгизаттардын катарына кирет.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса