Ташкент менен Астана Шенген визасынын аналогун ишке киргизет
Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Улугбек Касымхожаев 20-декабрда Ташкентте журналисттерге билдиргендей, бул долбоор чөлкөмдөгү туризмди өнүктүрүүнү максат кылат. Касымхожаев Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет - Тажикстан менен Кыргызстан келечекте бул программага кошулууга ниеттенип турганын кошумчалады.
Казакстан Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган. Борбор Азияда бирдиктүү “Жибек жолу визасын” түзүү идеясы биринчи жолу июнда айтылган.
Ал арада Өзбекстан жакында 22 өлкө үчүн визасыз режим киргизүүнү көздөп жатат. Учурда сегиз өлкөнүн жарандары визасыз кирип чыга алат, ал эми 50 өлкө үчүн жеңилдетилген режим каралган.
