Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2019

Тажикстанда тасмалардагы уяттуу көрүнүштөргө тыюу салынды

0
Мындан ары Тажикстандын мамлекеттик телеканалдары көркөм тасмаларды катуу текшерип, уяттуу көрүнүштөрү бар кадрларды алып салышат. Телеканалдардын жетекчилиги фильмдердеги интим кадрлар улуттук баалуулуктарга доо кетирет деп эсептейт.


Бул демилгени бир жыл мурда эле “Тажикфильм” киностудиясы көтөргөн. “Тажикфильмдин” жаңы уставында кинотасмалардагы адеп-ахлакты коргоо жөнүндөгү атайын пунктту өкмөт колдоду. Ага ылайык, киностудия эми тасма тартып гана тим болбой, жергиликтүү жана чет элдик фильмдердеги уяттуу көрүнүштөрдүн алынып ташталышын көзөмөлдөйт.


Тажик режиссеру Искандар Усмон бул демилге интеллектуалдык жеке менчик жөнүндө мыйзамга карама-каршы келет деп эсептейт. Анын айтымында, бул аракеттерден майнап чыкпайт.


– Совет доорунда ушундай чара көрүү мүмкүн эле, азыр болсо Интернетте көптөгөн ачык фильмдер бар,- деди Усмон. 


Чет элдик тасмалардагы интим көрүнүштөрүн кыркып салуу тажрыбайсын Өзбекстан да көп жылдан бери колдонуп келатат. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса