Милиция кызматкери айдап бараткан унаа кырсыкка учурап, бир киши каза болду
Маалыматка караганда, эки машиненин айдоочусу оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Тергөөдө “Мерседес Бенцтин” айдоочусу милиция кызматкери экени белгилүү болду. Учурда кырсыктын себептери аныкталып жатат.
Расмий маалымат боюнча 2018-жылда 4 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, 6 миңден ашык адам жабыркаган. (КЕ)
