Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2019

Кыргызстан менен БАЭнин футболчуларынын беттеши башталды

0
Футбол боюнча Азия кубогунда беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын оюну башталды. Таймаш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайед” стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталды. 


1/8 финалдыык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот.


Бүгүнкү мелдеште Өзбекстан Австралияга 2:4 эсебинде утулуп калды. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү тең-тең аяктады. Бирок Өзбекстан Австралияга пенальти тебүүдө утулду.


Эми Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин улуттук командаларынын жеңгени чейрек финалда Австралиянын курама командасы менен беттешет.


5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.


Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса