Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2019

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту

0
Кыргызстан менен БАЭ оюнунун кошумча таймынын 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Ошентип, 3:2 эсебинде Бириккен Араб Эмиратынын командасы утту. 


Калыс кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен пенальти тебүүнү дайындаган. 


1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.


Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса