Аялзаты сый-урматка татыктуу
Кыргызстандын азыркы абалы, ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнүн абалына окшош. Соңку жылдары биздин атуулдар мамлекеттеги абал, мыйзамдарды сактоодо жоопкерчилиги жок болгондой эле, үй-бүлөгө да кош көңүл мамиле жасоодо. Канча кыз-келиндер бир күндө ала качуу жолу менен турмуш жолуна аттанып, кайын-журт, жолдошу тарабынан укуктары тебеленип, күйөөсү же анын туугандары тарабынан ур-токмокко алынып, бир аз күндөн кийин тирүүнүн жесирине айланууда.
Канчалаган келиндер күйөөсүн көр тириликтин айынан Орусия же Казакстанга узатып, телефонуна смс аркылуу “талак” алып, ажырашууда. Андай тагдырга туш болгон кыздардын эртеңки тагдыры бүдөмүк болуп, жашоого болгон үмүтү өчүп, психологиялык жактан жабыр тарткандары бар. Турмуш курууда укуктары тебеленгени аз келгенсип, ажырашканда эч кандай укукка ээ эмес. Көпчүлүк учурда баласы болсо аны менен кошо көчөгө куулуп чыгат. Же күйөөдөн жок, же үйдөн жок болгон айрым келиндер балдарын жалгыз багат.
Менин оюмда, кыздар сый-урматка татыганда гана улуттун, адамдын баалуулуктары, асыл сапаттары бааланат. Жакшы, бекем үй-бүлө курулуп, түптүү келечекке жол ачылат.
Ар бир кордолуп, кодуланып жаткан кыз-келин, бирөөбүздүн кызыбыз, бирөөбүздүн энебиз, дагы бирөөбүздүн карындашыбыз же эжебиз деп, мамиле жасала турган күндүн келиши менин кыялым! Менин кыялым ишке аша турган күн келет, мен ага ишенем! Ал үчүн ар бир үйдө кыз балага өзгөчө мамиле жасалып, өзгөчө тарбия жасалуусу зарыл.
Бурулай Пусурманкулова
