Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2019

Догдурлар иш таштоону пландоодо

0
Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлери менен жалпы практикадагы догдурлар биримдиги айлыктары 25-30 миң сомго чейин көтөрүлбөсө, иш таштарын билдиришти.


“Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фонду массалык маалымат каражаттарына үй- бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйдү деген жалган маалыматтарды берип жатат. Маянаны көтөрүү маселеси козголгондон бери беш ай өтсө да кандайдыр бир өзгөрүү болгон жок. Элдин калың катмарына кызмат кылган үй-бүлөлүк догдурлардын 90 пайызынын мойнунда насыясы, карызы бар. Февраль-март айларында айлыкты көтөрчү индикаторлорду алып салып, орточо маяна 12 миң сомдун тегереги эле болуп калды”, - деп жазылган билдирүүдө.


Ошондой эле дарыгерлер аймактардагы ооруканалардын эскилигин, кабинеттер жетпей, бейтаптар узун кезекке туруп жатканын, дарыгерге турак жай алуу үчүн жок дегенде 2 пайыздык насыяларды киргизүүнү талап кылышууда.


Буга чейин өкмөт 2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлыгы жогорулай турганын билдирген. (BCh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса