Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2019

Кыргыз-өзбек чек арасында цемент ташыган 100дөн ашуун машине өтпөй турат

0
Ошто он күндөн бери 100дөн ашуун айдоочу оор жүк ташуучу машинасы менен «Достук» кыргыз-өзбек чек арасынан өтө албай турат. Айдоочулар буга чейин Өзбекстанга эч тоскоолдуксуз цемент ташып иштеп жүрүшкөнүн, бул жолку чектөө тууралуу маалымат ала албай жатышканын айтып жатышат. 


Мамлекеттик чек ара кызматы машинелер чек арадан өтүшпөгөнүн, алар «Достукка» 200 метр жетпей турушканын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Кыргызстан жүктү тоскоолдуксуз өткөрүп жатканын айтты. Айрым маалыматтар боюнча Өзбекстан цементти ташууга чектөө киргизгени сөз болууда. Бирок Мамлекеттик бажы кызматы анда мындай маалымат жок экенин, учурда тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди. 


Чек арада өтө албай турган айдоочулардын айтымында, Өзбекстан 12-майдан бери оор жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй жатат. Учурда «Достукта» 103 айдоочу 2610 тоннадан ашуун цементи менен турат. Айдоочулар экономика министри Олег Панкратовго, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине кайрылышты. (КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса