Хоккей: Финляндия дүйнө чемпиону болду
Ал эми үчүнчү орун үчүн Орусия менен Чехиянын командалары таймашып, бул беттештин жеңүүчүсү буллит аркылуу аныкталды. Эки команда негизги убакытты 2:2 эсеби менен жыйынтыктап, жекеме-жеке сериясында Орусия хоккейчилери таамай келип, күмүш медалды жеңип алды.
Финляндия өзүнүн тарыхында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды. Кийинки жылы дүйнө чемпионаты Швейцарияда өтөт. (SDz)
