Майлуу-Сууда жоокер токко урунуп жабыркады
Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунуп, оор жаракат алды. Бул тууралуу анын жакын тууганы Гүлмира Кашкараева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя мындан бир нече күн мурда болгон. Жоокер Сапарбаев постто турган кезде электр тактайчасындагы зымдарга тийип алган. Жоокердин денесинин бир топ бөлүгү күйүп кеткен. Жабырлануучу алгач Жалал-Абадга, кийин Оштогу ооруканага жаткырылган. Бишкекке жеткирилгенден кийин №4 оорукананын дарыгерлери... Читать дальше...