Бектур Асанов да ачкачылыгын токтотту
Бир жумадан бери ачкачылык акциясын өткөрүп жаткан камактагы оппозициячыл саясатчылардын экинчиси Бектур Асанов да тамак иче баштады. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Толубай Жакишев кабарлады. Анын айтымында, саясатчылардын талабы аткарылып, сот өкүлдөрү соттун чечимин алып беришти. Ачкачылык кармап жаткандардын бири Кубанычбек Кадыров 22-августта эртең менен ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу ачкачылыгын токтотконун алардын адвокаты Данияр Маманов кабарлаган. Читать дальше...