Жапаров 11 талапкерди судьялык кызматка дайындаган жок
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго судьялык кызматка сунушталган 22 талапкердин ичинен 11и боюнча материалдарды артка кайтарды. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров алар бул кызматты ээлөөгө жетишээрлик сапаттарды көрсөтө албаганы үчүн дайындоого макулдук берген жок. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир райондук сотторунун, ошондой эле Чүй, Нарын, Ош облустарынын бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 22 талапкерди сунуштаган. Читать дальше...