Жапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкектеги жана Чүйдөгү бир катар медициналык мекемелерди кыдырды. Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Токмок аймактык ооруканасына барып, ал жерде COVID-19 вирусунан дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Андан кийин мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Президент жалпысынан өлкөдө абал өтө коркунучтуу эмес деп баалады. Ал оорунун белгилери байкалган учурда эле ооруканага, дарыгерге кайрылуу зарылчылыгын айтты. Читать дальше...