Паралимпиадага экинчи жолдомо уткан Арстанбек
Арстанбек Базаркулов Кыргызстандын паралимпиада боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү. Арстанбек 2016-жылы Бразилияда өткөн Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан катышып, дүйнөлүк мелдеште 9-орунду ээлеген. Быйыл кайрадан паралимпиада оюндарына экинчи жолу катышканы турат. Ал май айында нормативди толтуруп, Жапонияда өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алган. Базаркулов жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү боюнча эгемен Кыргызстандын тарыхында Паралимпиада оюндарына эки ирет жолдомо алган алгачкы спортчу болуп калды. Читать дальше...