Минск Протасевичти үй камагына которду
Оппозициячыл телеграм-каналдын мурдагы башкы редактору Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега үй камагына которулганын Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы кабарлады. Журналист менен анын сүйлөшкөн кызы учуп бараткан лайнерди беларус бийлиги 23-майда Минск шаарына күч менен кондуруп, камакка алган. Романдын атасы Дмитрий Протасевич Би-Би-Сиге 25-июнда берген маегинде беларус бийлиги эмнеге мындай кадамга барганын түшүнбөй турганын, балким "кандайдыр бир саясий оюндар жүрүп жатышы мүмкүн" деп кошумчалады. Читать дальше...