Үч ай мурда абактан чыккан казакстандык активист Кенжебек Абишев каза болду
Казакстандык активист жана акын Кенжебек Абишев 17-январда, 56 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Маалыматты анын аялы Гүлмира Абишева "Азаттыктын" казак кызматына ырастап, күйөөсү жүрөгү кармап каза болгонун айтты. Ал "жолдошунун абактан чыкканына чексиз сүйүнүшкөнүн, бирок минтип бактылуу ирмемдер кыска гана убакытка созулганын" кошумчалады. Активист өзү жана анын жакындары анын саламаттагы түрмөдө жүргөн маалда кескин начарлап кеткенин айтышкан. Кенжебек Абишев 2017-жылдын аягында кармалган. Читать дальше...