Садыр Жапаровду сынаган бир жыл
Президент Садыр Жапаровдун ант берип, мамлекеттеги эң жогорку кызматты расмий аркалай баштаганына 28-январда туура бир жыл болду. Бул аралыкта өлкөдө Конституция жаңыланды, өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрдү, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы ишин баштады. Президенттиктин алгачкы жылында эле Жапаровду катуу сынаган учур - жазындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал болду. Былтыр 10-январда өткөн шайлоодо Садыр Жапаров добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 80% жакынынын колдоосун алып, мамлекет башына келди. Читать дальше...