Балыкчы шаарында ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталды
Бүгүн - 3-августта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” аскер полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн машыгуусу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты. “Кобальт - 2022” деп аталган атайын-тактикалык машыгуунун негизги максаты мүчө мамлекеттерин ортосунда кылмыштуулукка каршы күрөштө күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө. Буга чейин дагы мындай машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында уюштурулуп келген. Читать дальше...