Кадамжай районунда тамак-ашка уулангандардын саны 108 адамга жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык алардын жыйырма үчү ооруканада жатат, ичинде эки бала да бар.
30-июлда "Алмаз" кафесиндеги тойго барган 250 кишинин көбү ууланган. Алгач 48 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Көбү кусуп, дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, өздөрүн алсыз сезишкен.
Сурамжылоо маалында алар тойдо камыры бар суюк тамактан бир жытты сезишкенин... Читать дальше...