Аба ырайы: Күн ачык болот
19-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19; Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13. Читать дальше...