Сербияда вокзалдагы кырсыкка байланыштуу 11 киши кармалды
Сербияда темир жол станциясынын чатырынын бир бөлүгү ураган кырсыкка байланыштуу жалпысынан 11 киши камакка алынганын 21-ноябрда прокуратура мекемеси билдирди. Кармалгандар арасында мурдагы курулуш, транспорт жана инфраструктура министри Горан Весич жана темир жол тармагынын ишине жооптуу мурдагы жетекчи Елена Танаскович бар. Аларга коомдук коопсуздукка коркунуч жаратуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү тууралуу айыптар тагылды. Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, ар бири 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Читать дальше...