Бишкектин Жал кичи районунда гараждын жерин бошотууда чыр чыкты
22-ноябрда Бишкектин Төмөнкү жал кичи районундагы Псковская көчөсү №71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативинин жерин бошотууда чыр чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, гараждын ээлери мэриянын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлерине бензин чачып, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматтык автоунаасы жана атайын техникасы да жабыркаган. Мэрия буга чейин бул объектилер буздурула турганы боюнча алардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады. Читать дальше...