Кыргызстан Орусиядагы миграция саясатында орус парламентинин колдоосуна ишенерин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов 2-декабрда Москва шаарында өткөн жолугушууда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен Орусиянын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук комитеттеринин биринчи биргелешкен жыйыны өттү. Читать дальше...