Грузиянын жикчил Абхазия жумуриятынын парламентинде ок атылганы, бир депутат каза болгону, бирөө жараат алганы кабарланды. “Кавказ жаңырыгы” сайты жазганына караганда, парламент ал маалда майнингге тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жаткан. АМРА-life телеграм-каналы Адгур Харазия жана Кан Кварчия чырлаша кеткенин, Харазия мылтык алып чыгып атканын, ок аларды тынчытууга аракеттенген дагы бир депутат Вахтанг Голандзияга тийгенин маалымдады. Абхазиянын Саламаттык сактоо министрлиги Голандзия алган жараатынан көз жумганын билдирди. Читать дальше...