Израил Йемендин баш калаасына сокку урду
Бейшемби күнү эртең менен Израил Йемендин козголоңчулар ээлеп алган баш калаасына сокку урду. Бул тууралуу израилдик расмий адамдарга шилтеме жасап, AP агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, анын алдында Йемендеги хуси козголоңчулары Израилдин борбордук бөлүгүнө ракета атышкан. Израилдин армиясы билдиргендей, 19-декабрдагы операцияга 14 согуштук учак катышты. Адегенде Ходейда, Салиф порттору жана Рас Иса мунай терминалы бутага алынды. Андан кийин хусилердин башкалаа Санадагы энергетикалык инфраструктурасы аткыланды. Читать дальше...