Исхак Раззаков орденин негиздөө сунуш кылынды
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков орденин сыйлык иретинде негиздөө боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоорунда бул орден менен мамлекеттик башкаруу жана муниципалдык кызматта таза иштегендер сыйланат деп жазылган. “Мыйзам долбоору менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, ак ниет, таза эмгектенген кызматкерлерди жана өндүрүштө ири долбоорлорду ишке ашырган жарандарды колдоо жана кубаттоо максатында “Исхак Раззаков” орденин негиздөө сунушталып жатат”... Читать дальше...