Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2019

Камактагы Сапар Исаков президентти эки жүздүү тышкы саясат жүргүзбөөгө чакырды

0
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып, камакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаков президентке кайрылды. 20-июнда Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, канааттандырган жок.


Соттун жүрүшүндө Исаков президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Анда "эки жүздүү тышкы саясат мамлекеттин кулашына алып келет" деп айтылган. Мурдагы премьердин кайрылуусунун текстин экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП партиясынын өкүлдөрү таратты.


Анда Исаков Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунда «Гранттык жардамдар Кыргызстандын экономикасына, энергетикалык көз карандысыздыгына абдан жакшы таасир берип жатат» деп айтканын, бирок сотто «Электр станцияларынын» өкүлү ЖЭБ боюнча кытайлык компаниянын алдына коюлган максаттар ишке ашпаганын билдиргенин эки жүздүүлүк катары баалаган.


ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыптар менен ШКУнун келечектеги көптөгөн долбоорлоруна, Кытайдын насыяларына жол жабылып жатканын айткан. Ошондой эле сотко кайрылып, адвокаттардын өзүн актоо тууралуу өтүнүчүн колдоого чакырган.


Президенттик аппарат Исаковдун кайрылуусу тууралуу комментарий бере элек.


Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев өңдүү мурдагы жетекчилер бар. Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келишет. (NT)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса