Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2019

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча сот уланат

0
Бишкектин мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот бүгүн, 21-июнда уланат. Бул тууралуу мурдагы мэрлердин адвокаттары билдиришти.


Алардын ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат.


Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.


Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчтөрү канааттандырылган эмес. Быйыл экинчи майда мурдагы эки чиновниктин тергөө абактагы мөөнөтү эки айга узартылган. (NT)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса