Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2019

Тбилиси: миңдеген киши орусиялык депутаттын аракетине каршы акцияга чыкты

0
Грузиянын борбору Тбилисиде орусиялык депутаттын аракети элдин жапырт нааразылыгын туудурду. 20-июнда парламенттин алдына нааразылыкка чыккан миңдеген киши бүгүн таң атканга чейин күч органдары менен кармашып, парламент имаратына кирүүгө аракеттеништи. Түнкү саат 2лерде полиция желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, парламенттин алдынан элди таратууга аракеттенди. Андан 70ге чукул демонстрант жаракат алганы, анын 39у полиция кызматкери экени кабарланды.


 Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гаврилов Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду. Гаврилов Грузияда өтүп жаткан Православия боюнча парламенттер аралык ассамблеяга төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда анын спикердин креслосуна отурушун Грузияны сыйлабоо катары баалап чыгышты. Ал бейшембиде ассамблеянын жыйынын грузин спикеринин креслосунда отуруп ачкан. Тыныгуудан кийин да спикердин ордуна отурууну көздөгөндө грузин парламентарийлери ага жолтоо болуп, «мамлекеттик институттарды шылдыңдоого жол берилбейт» деп жооп кайтарышканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.


Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрөт. Аны Түштүк Осетия менен Абхазиянын Грузиядан бөлүнүшү боюнча Орусияны колдойт деп сындап жатышат. 2008-жылы грузин бийлигинин өзүнчө бөлүнүп кеткен эки аймакты кайтаруу жана Батыш уюмдарына кошулуу аракети Орусия менен беш күндүк согушка түрткү болгон.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса