Добавить новость
ru24.net
World News
Август
2019

Дональд Трамп Орусиянын “Чоң жетиге” кайтышын колдойт

0
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын G7 (“Чоң жетиге”) кайтышын колдоду. Трамп мындай сунушун биринчи жолу айтып жаткан жок. Анткен менен “Чоң жетиге” кирген башка өлкөлөр Орусияны кабыл алууга азырынча даяр эмес.


“Орусиянын ал жакта болгону максаттуу деп ойлойм. Бул “сегиздик” болушу керек, анткени биз талкуулаган маселелердин көбү Орусияга байланыштуу”, - деди Трамп журналисттерге. Ал бул тууралуу Ак үйдө Румыниянын президенти Клаус Йоханис менен жолуккандан кийин айтты.




Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин мындан ары G8 же “Чоң сегиздик” тобу жок экенин, Орусия “жетилик” менен иштешүүгө даяр экенин билдирген. 


“Жок болгон уюмга мен кантип кайтам. Азыр бул “жетилик”. Сегиз өлкөнүн ыктымал болгон иштөө форматы боюнча сөз болсо, биз эч качан баш тартпайбыз. Өз убагында “сегиздикти” өткөрүү кезеги Орусияда болчу, биздин өнөктөштөр келген эмес. Биз кайсы убакыт болбосун өнөктөштөрүбүздү “жетиликтин” алкагында да күтөбүз”, - деген Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен болгон жолугушууда.


Макрон “сегиздикти” калыбына келтирүү үчүн Украинадагы кырдаал жөнгө салынышы керектигин белгилеген. Курамына Франция, Германия, Италия, Канада, АКШ жана Жапония кирген “Чоң жетиликтин” саммити Биарриц шаарында 24-26-августта өтөт.


Дагы окуңуз: Италиянын премьер-министри кызматтан кетерин жарыялады


 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса