Лукашенконун шайлоодогу атаандашынын уулу кармалды
9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенкого башкы атаандаш болуп чыккан Виктор Бабарико 18-июнда кармалган.
Беларус бийлиги аны «мыйзамга каршы ишмердикти башкарган» деп айыптаган. Бирок иштин чоо-жайы айтылган эмес. Ага чейин бир апта мурун Бабарико мурда жетектеген Белгазпромбанктын мурунку жана учурдагысы болуп 15 кызматкери кармалган. Лукашенко Беларуста «Майданды токтотуп калышканын» жарыялаган.
Бабарико кармалгандан кийин Беларустун бир катар шаарларында миңдеген киши нааразылык акциясына чыккан. Ишембиде 270 киши кармалганы белгилүү болду.
Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Лукашенко бул өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып, алтынчы ирет шайлоого аттанып жатат.
