Добавить новость
ru24.net
World News
Июль
2020
1
2
3
4
5
6
7
8 9 10
11
12 13
14
15 16 17
18
19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31

Ош ИИБ: аракеч үй-бүлөнүн үч айлык баласы мамлекеттин камкордугуна алынды

0
Ош шаарында атасы 31,  апасы 27 жаштагы үй-бүлөнүн үч айлык ымыркайы балдар үйүнө өткөрүлдү.


Милиция жана социалдык коргоо кызматы ата-энеси ичимдикке берилип кеткени үчүн ымыркайды "үйдө тарбиялоого болбойт" деген чечим чыгарган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.


Милициянын маалыматына ылайык, буга чейин үй-бүлөнүн тогуз жана төрт жашар балдары дагы ушундай эле себеп менен мамлекеттин камкордугуна алынган.


Ош шаардык милициясы тийиштүү органдар менен балдарга камкордук көрө албаган үй-бүлөлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.


Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандагы интернаттарда 12 миңдей бала тарбияланат. Алардын 10% томолой, калганы тирүүлөй жетим. Ар кандай изилдөөлөрдө балдардын тирүүлөй жетим калышы ата-энелеринин оор турмуш-шартына байланыштуу болору айтылып келет. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса