Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 12-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында журналисттердин «Конституцияны өзгөртүү диктатурага жол бербейби?» деген суроосуна жооп берди.
«Кыргызстандыктар - 30 жылда үчүнчү жолу революция жасаган эл. Адилеттүү жашоону каалаган эл. Дал ошол диктатураны орнотпойлу, мыйзамсыздык, адилетсиздикти жок кылалы деп. Мен боломбу, менден кийин Эшмат келеби же Ташмат келеби, кыргыз эли диктатурага жол бербесин өзүңүздөр көрдүңүздөр. Так жана даана айтып коёюн. Эч кандай диктатура жана кимдир-бирөөнү куугунтуктоо деген болбойт»,- деди Садыр Жапаров.
22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган.
Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.
«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын билдирген.
Айрым жарандык коом өкүлдөрү Садыр Жапаровду «бийликти узурпация кылууда» деп сындап жатышат. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда «бийликти узурпация кылууда» деген саясий атаандаштарынын дооматтарын четке кагып, «бардык өзгөртүүлөр ачык-айкын өтөт» деп айткан. (NT)
Представители «Метровагонмаш-Сервиса» посетили СЛД «Москва-Сортировочная» филиала «Московский» компании «ЛокоТех-Сервис» для обмена опытом
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала 2024 года 140 тысяч женщин и новорожденных Московского региона получили услуги по родовым сертификатам
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
За полгода 14,9 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Отрытый конкурс красоты и таланта «Одна на миллион»
Exclusive - Sayantani Ghosh expresses happiness as sets of her show Dahej Daasi shifted close to her home; says 'I've been manifesting this for quite some time now'
Mikel Arteta demands more Arsenal signings as he gives cryptic update on Riccardo Calafiori transfer
Who is Ghetts and what character does the rapper play in Supacell?
Suspect arrested for ‘threatening to kill Trump and his VP pick JD Vance’ in Florida days after assassination attempt
На линии огня. Московские спасатели борются с пожарами по всей России
Самой перспективной для трудоустройства назвали Амурскую область
22 июля Всемирный день мозга. Отвечаем на популярные вопросы о когнитивных расстройствах
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
За полгода 14,9 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг