Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2020
1 2 3 4
5
6 7
8
9 10 11 12 13
14
15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30

"Азаттыктын" Беларус кызматынын журналисти 15 күнгө камакка алынды

0
Минскинин Фрунзе райондук соту «Азаттык» радиосунун Беларус кызматынын кабарчысы Олег Груздиловичти 15 суткага камакка алды. 61 жаштагы журналист нааразылык акциясын чагылдырып жүргөндө «уруксатсыз митингге катышкан» деген айып тагышты.


Груздилович Беларустагы таанымал журналисттердин бири, ал 25 жылдан бери «Азаттык» радиосунда иштеп келген. Беларус бийлиги журналисттин каттоосун жокко чыгарганы үчүн Груздилович “Элдин эрки” гезитинин атынан 25-октябрдагы нааразылык акциясын чагылдырганы барган. 10-ноябрда журналист үйүнөн кеткен.


Олег Груздилович сотто «Бул менин журналисттик ишим. Журналисттерди аткарган иши үчүн жоопко тартууну туура эмес деп ойлойм»,-деп билдирди.


Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.


Андан бери демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.


Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса