Садыр Жапаров «Азаттыкка» ачык экенин билдирди (видео)
Жапаров ошондой эле «Азаттык» кээде бурмалоого жол берип жатат деп эсептей турганын белгиледи:
«Мен акыркы сегиз жылдай «Азаттыктын» берүүлөрүн калтырбай эртең мененкисин, кечкисин такай угуп жүргөм. Акыркы бир айда колум бошобой уга алган жокмун. Бир-эки жума мурда ««Азаттык» ушинтип жамандап жатат» дегенинен атайын убакыт бөлүп уктум. Чындап эле менин толук жеткире албай калган оюмду бурмалап берген моменттер бар экен. Ошондуктан мен «Азаттыктан» суранат элем, андай кылбаңыздар, эгерде менин оюмду толук бергиңер келсе дайыма ачыкмын. Эшигим дайыма ачык. Телефондон болсо да суроолоруңарга жооп берем».
Садыр Жапаров радионун кайсы материалдары тууралуу кеп болуп жатканын конкреттештирген жок.
«Азаттык» радиосу президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы менен маек уюштурууга кызыкдар жана мындай сунуш президенттин жана өкмөттүн тиешелүү кызматкерлерине берилген.
Садыр Жапаров буга чейин «Азаттыкка» байланыштуу мындай пикирин «Регион ТВга» берген интервьюсунда да билдирген.
Буга байланыштуу ондон ашык медиауюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер билдирүү таратып, анда Жапаровдун айткандары «журналисттерге карата терс пикир калыптандырып, Кыргызстандагы сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатат» деп белгиленген.
Кайрылууда «Журналисттерди айыптаган билдирүү конкреттүү фактылар менен бекемделген эмес. Бирок, Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин социалдык түйүндөрдөгү топторунда анын сөзү «Жапаровду же анын командасын сындаган ЖМКга ишенбеш керек» деген сигнал катары чечмеленүүдө. Президенттин милдетин аткаруучунун ЖМКга карата оозеки чабуулу журналисттерди социалдык түйүндөрдө коркутуп-үркүтүүнүн жана куугунтуктоонун бутасына айландырды» деп айтылган.
Кайрылууга кол койгондор Жапаровду «демократиялык коомдогу көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролун ачык таанууга жана ырастоого», каралоодон карманууга чакырган.
Садыр Жапаров 2012-жылы «бийликти басып алуу», 2017-жылы «облус башчысын барымтага алууну уюштуруу» деген айыптар боюнча кармалып, камакка алынган. 11 жылга эркинен ажыратылган саясатчыны тарапкерлери быйыл парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда түрмөдөн чыгарып алышкан.
Жогорку Кеңеш 14-октябрда өкмөт башчылыкка бекиткен Садыр Жапаров 15-октябрдан баштап президенттин милдетин аткара баштаган. Сооронбай Жээнбеков ушул эле күну өз каалоосу менен президенттик кызматтан кеткен. (RK)
