Садыр Жапаров: Айлык акы, пенсия өз убагында берилет
“Өлкөдө экономикалык абал өтө жакшы же жаман деп да айта албайм. Орточо деп айтам. Жылдын аягына чейин корголгон беренелер боюнча беребиз. Эч кандай кармалбайт”.
Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд сомду түзөрү белгилүү болгон. Бирок Садыр Жапаров парламенттин 14-октябрдагы отурумунда дефицит 42 млрд сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан. (TSh)
