Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2020
1 2 3 4
5
6 7
8
9 10 11 12 13
14
15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30

Ош шаарынын тургуну мэриянын алдында ачкачылык акциясын баштады

0
Ош шаарынын тургуну Кундуз Усупбаева сиңдисин 6-октябрга караган түнү унаа сүзүп кеткенин айтып, иш акыйкат тергелбей жатканына нааразы. Анын айтымында, бир тууганын ошол күнү кабыл алган травматолог Максат Келдибаев аны дарылабай туруп үйүнө чыгарып жиберген.


Мындан улам ал ачкачылык жарыялаганын айтып мэриянын алдына плакат менен чыкты. Ал ишти УКМК жана ИИМдин башчылары жана Саламаттык сактоо министринин көзөмөлгө алуусун суранууда.


Усупбаева ишти карабаган тергөөчү Илим Гуламов жабыркаган тараптан кабар алган эмес деп билдирди. Анын пикиринде, дарыгерлер менен милиционерлер биригип алып «кылмыш жасаган айдоочуну жоопкерчиликтен алып качууга» аракет кылып жатышат:


«Сиңдимдин омурткасы сынды, оң буту операция болду, сол буту жакында операция болот, башын дарылашты. Ошого карабастан экспертизадан ал жеңил жараат алган деп чыгарышыптыр. Дарыгерлер "оорунун таржымалын" оңдошту. Бизде далилдер бар».


Ачкачылык жарыялаган жаран акциясын «өлгөнгө чейин улантарын» эскертип, белгисиз бирөөлөрдөн коркутуу болуп жатканын айтты жана алар айдоочу жана дарыгер тараптан болушу ыктымалдыгын билдирүүдө.


Акцияга чыккан тургун тергөөчү менен медиктердин үстүнөн прокуратурага арыз жазып, тергөөчүнү алмаштырган.


Айыптоого кабылган тарап азырынча окуя тууралуу өз пикирин билдире элек. (DU)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса