Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2020
1 2 3 4
5
6 7
8
9 10 11 12 13
14
15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30

Помпео Ооган бийлигинин жана талиптердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

0
АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Катарда Ооганстандын бийлигинин жана талиптердин өкүлдөрү менен жолугушуудан соң, талиптердин жетекчилигин ок атышууларды биротоло токототуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. 


Майк Помпео Катарда талиптердин кыймылынын жетекчисинин орун басары, молдо Абдул Гани Барадар жана башка талип өкүлдөрү менен жолукканда, аларды учурдагы зомбулук аракеттерди азайтуу үчүн салым кошууга чакырган. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү шардана кылды. 


Помпео өзү да жолугушуудан соң 22-ноябрдагы билдирүүсүн: "Дохадан кетип бараткан чагымда, [Ооганстан] аймагына алда канча көбүрөөк коопсуздукту жана бакыбаттыкты алып келүү үчүн өз ара аракеттерибизди чыңдай беребиз деп ишенем", - деп Твиттерде жазды.


Талиптер менен Ооганстандын бийлигинин  ок атышууларды токтотуу жаатындагы сүйлөшүүлөрү сентябрда башталган, бирок айрым процедуралык маселелер боюнча бул жүрүм бир жерде такалып калган.


Доха шаарында Помпео Катардын өкүмдары менен да жолуккан. АКШнын Мамкатчысы Европа менен Жакынкы Чыгыштагы 7 өлкөнү кыдырган сапарын улантууда. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

300 игроков включены в пенсионную программу ATP в 2024-м






Прощание с Евгенией Добровольской: церемония в МХТ и похороны в Москве

«Иволга 4.0» становится основным подвижным составом на Московских центральных диаметрах

Собянин: мероприятия проекта «Открой#Моспром» посетили более 17 млн человек

Новогодняя елка в Ногинске вошла в тройку лучших по России