Европанын айрым өлкөлөрү карантинди жумшартканы жатат
Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун кеңсеси Англияда карантин 2-декабрда алынарын, чектөөлөр коронавирустун очокторунда гана киргизиле турганын билдирди. Польшанын өкмөтү 28-ноябрда дүкөндөрдү кайра ачууну пландап жатат. Бирок кинотеатрлар, ресторандар жабык болот жана мектептер аралыктан билим берүүнү уланта берет. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий жарандарды "Рождество" майрамы учурунда саякатка чыкпоого үндөдү.
Европанын экономикасы өнүккөн өлкөсү - Германияда да карантин ушул айдын аягында соңуна чыгышы керек. Учурда өлкөдө коронавируска каршы чараларды узартуу маселеси талкууланып жатат.
Адистер Европа өлкөлөрү чектөөлөрдүн экономикалык кесепетинен улам карантинди жумшартууга аргасыз экенин, пандемия маалында чөлкөмдө соода жана кызмат көрсөтүү тармактары катуу жабыркаганын айтып жатышат.
АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 22-ноябрда дүйнө жүзүндө коронавирусту жугузуп алганы ырасталган адамдардын саны 58 миллион 287 миңден ашты. Алардын кеминде 1 миллион 382 миңдейи COVID-19 илдетинен көз жумду.