Маалыматтык технологиялар комитети: Санариптештирүү толук кандуу жүрүп жатат
Ошондой эле Исмаилов санарип платформанын түзүлүшү менен бирге эл аралык стандарттарга жана киберкоопсуздуктун талаптарына жооп бере турган маалыматтарды иштеп чыгуу борбору түзүлүп жатканын айтты.
“Түндүк” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, “Түндүк” тутумуна 19 мамлекеттик органдын 82 кызматы туташтырылган.
Кыргыз бийлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү аракети 2017-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун тушунда башталган. 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп белгиленген жана билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүү пландалган.
2020-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган.
Коомчулукта санариптештирүүнүн жүрүшүнө карата сын-пикирлер аз эмес. Өзгөчө мамлекеттик органдардагы тейлөөлөр автоматташтырылбагандан улам узун кезек пайда болгонуна нааразылыктар айтылып келет. (TSh)