Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2021

Түштүк Корея Ормуз кысыгында кармалган танкерди бошотууну Ирандан талап кылды

0
20 кишиси бар түштүк кореялык танкер 4-январда Ормуз кысыгында "мунай менен сууну булгап жатасыңар" деген негизде токтотулган. Расмий Сеул танкерди бошотууну Ирандан талап кылууда.


АКШнын Мамлекеттик департаменти танкердин кармалышын Перс булуңундагы кемелердин эркин жүрүүсүнө коркунуч катары баалады.  Муну Тегерандын экономикалык санкциялардан кутулуу аракети деп айыптады. Ирандын өкмөттүк маалымат каражаттары өлкөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиздеги күчтөрү кемени кармаганын кабарлаган. Кийинчерээк Ирандын Аймактык деңиз башкармалыгынын өкүлү Исмаил Макизаде түштүк кореялык танкердин кармалганын ырастады.



«Тилекке каршы танкер патрулдун эскертүүсүнө көңүл бурган эмес. Ошондуктан провинциянын сот бийлигинин чечими менен токтотулуп, Ирандын Бендер-Аббас портуна жиберилген", - деди Исмаил Макизаде.


Танкер Сауд Арабиясынан Бириккен Араб Эмираттарына бараткан. Бул окуя чөлкөмдө чыңалуу күчөп жаткан кезде болду. Туура бир жыл мурун Багдаддын жанында америкалык дрондун соккусунан ирандык таасирдүү генерал Касем Сулеймани мерт болгон. Бир жылдыкты утурлай АКШ Перс булуңуна өзөктүк суу астында сүзүүчү кемесин жөнөткөн, америкалык согуштук учактар аймакты айланып чыккан.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA завершила расследование дела тренера Рыбакиной. Его отстранение оставили в силе






В Кремле стартовал цикл концертных программ «Живое эхо битв минувших»

Лыткаринские гимназисты вместе с ветеранами приняли участие в викторине

Непомнящий: «Зенит» ещё не готов к возобновлению сезона»

Жительнице Ленского района, участнице Великой Отечественной войны Алевтине Федоровне Бурковой вручили юбилейную медаль