Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2021

Кытайлык миллиардер Жэк Ма көзөмөлдөөчүлөрдү сындаган соң дайынсыз кала берүүдө

0
Кытай Эл Республикасындагы миллиардерлердин бири, интернетте соода-сатык жүргүзгөн “Alibaba” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жэк Ма эки айдан бери дайынсыз жок болууда. Ал арада расмий Бээжин анын интернет аркылуу өзгөчө ири көлөмдө соода-сатык уюштуруп келген “Alibaba Group” компаниясын кысмакка алуусун улантып жатат.


Жэк Ма (Ма Юн, 1964-жылы туулган) 2018-жылдын ноябрында “Форбс” журналы тарабынан 35,8 млрд доллардын наркы бар байлыктын ээси болгон ишкер катары жарыяланган. Ал дүйнөдөгү эң бай 18-киши болуп калган.




Эми 2020-жылдын октябрынын акырынан тартып Жэк Ма коомчулук алдында эч бир жолу чыкпагандыгы тынчсызданууну туудурууда. Акыркы жолу ал Шанхайдагы ири экономикалык жыйынга катышып, анда Кытайдын базар мамилелерин жөндөөчү мекемесин курч сындап сөз сүйлөгөн. Мындан соң бийликтер “Alibaba” компаниясынын электрондук төлөмдөрдү уюштурган каржылык бутагы болгон “Ant Group” компаниясынын ишмердигине бөгөт коё баштаган.




Кытай Компартиясынын жетекчилиги өз ишмердигине карата ар кандай сынга сабырсыз мамиле жасап келет.


Ал эми Жэк Ма мырзанын 2020-жылдын октябрындагы сынынан соң Кытайдагы ишкердикке көзөмөлдөөчүлөр “Alibaba” компаниясына жана анын кол астындагы “Ant Group” каржылык компаниясына каршы антимонополиялык жактан тергөө ишин баштаган. (TT)

 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова разгромно проиграла Белинде Бенчич во втором круге турнира WTA-500






Афиша Tverlife: интересные события выходных с 7 по 9 февраля

Центр техники и творчества «Инженер будущего» открылся в БРУ

Сотрудники СОБР «Столица» Главного управления Росгвардии по г. Москве провели плановые занятия по огневой подготовке на полигоне в Московской области

Бизон Рон из мультсериала «Команда МАТЧ» станет гостем турнира по регби «Лига будущих чемпионов»